Эл аралык укук багыты:

 

1) «Эл аралык укука» аныктама бериңиз, «улуттук укуктук системадан»  айырмачылыктарын түшүндүрүп бериңиз. Эл аралык укуктун субъектилерин көрсөтүп бериңиз?

 

2) Эл аралык жеке укуктун эрежелерин өзгөчөлүктөрүн аныктап, эл аралык укуктан айырмачылыгын түшүндүрүп бериңиз?

 

3) «Чет элдик» деген эмне аныктама бериңиз жана анын кандай түрлөрү бар?

 

4) Эл аралык укуктун түзүлүшүндөгү негизги жана жардамчы булактарды айтып бериңиз?

 

5) Келишимдердин мөөнөтү кандай себептер менен бүтөт аныктап бериңиз?

 

6) «Эл аралык уюм» деген эмне аныктама бериңиз? «Эл аралык уюм»ду «мамлекет»тен айырмаланган өзгөчөлүктөрү эмнеде?

 

7) Эл аралык уюмдардын органдарына манилүүлүгүнө карата кандай классификация жүргүзүүгө болот аныктап бериңиз?

 

8) БУУнун коопсуздук комитетинин чечим чыгаруу механизмин түшүндүрүп бергиле?

 

9) Бириккен Улуттар Уюмунун мүчөлүгүнө кабыл алуу шарттары кандай? Мүчөлүк процесси кандай иштейт?

 

10) Эл аралык соттун соттук функциясы жөнүндө маалымат бериңиз.

 

Саясий тарых багыты:

 

11) 1789 Франсыз Ынкылабы, 1830-жылында Европанын ар түрдүү өлкөлөрүндө болуп өткөн ынкылаптар жана алардын келип чыгуу себептери жана жыйынтыктарын түшүндүрүп бериңиз?

 

12) «Герман биримдигинин» түзүлүшүнүн тарыхий этабын көрсөтүү менен түшүндүрүп бериңиз?

 

13) 1-Дүйнөлүк согуштун чыгышынын негизги экономикалык жана саясий себептерин көрсөтүү менен түшүндүрмө бериңиз?

 

14) Эки дүйнөлүк согуш аралыгындагы «тынчтык мезгили» учурундагы келишимдерге жана негизги саясий окуяларга түшүндүрмө бериңиз?

 

15) «Кансыз согуш» түшүнүгү кандай мааниге ээ жана бул мезгилде АКШ жана СССРдин саясатыны айтып бериңиз?

 

16) «Өз алдынчалуулук кыймылы» жөнүндө кенеениреек түшүндүрмө бериңиз?

 

17) Босня Согушун токтотууга алып келген Дайтон келишиминин чечимдери жөнүндө айтып бериңиз?

 

18) 2003-жылы «2-Парс булуң согушу» катары таанылган АКШнын лидерлигинин натыйжасында коалициялык күчтөрдүн Ирака каршы сугушунун ар-түрдүү көз-карашта баяндаңыз?

 

19) 2008-жылы Түштүк Осетиядагы согуштун келип чыгуу кесепеттерин жана жыйынтыктарын көрсөтүңүз?

 

20) 2014-жылдагы Крым маселесин түшүндүрүп бериңиз.

 

Эл аралык мамилелер багыты:

 

21) Эл аралык мамилелер түшүнүгүн жана анын негизги субъекттерин түшүндүрүңүз.

 

22) Эл аралык мамилелердин теориялары жагынан постпозитивисттик теориялардын салттуу теорияларга салыштырмалуу айырмалоочу белгилерин мисалдар менен түшүндүрүп бериңиз.

 

23) Кыргызстандын тышкы саясатындагы негизги мезгилдерди жана алардын өзгөчөлүктөрүн түшүндүрүңүз.

 

24) Эл аралык мамилелерде нео-либерализм теориясыны түшүндүрүп бериниз?

 

25) Төмөндө аты аталган окумуштуулар тууралуу кыскача айтып бериңиз жана алардын көз караштары эл аралык мамилелерде кайсыл теориялардын алкагында каралгандыгын түшүндүрүп бериңиз? Kenneth Waltz, Robert Keohane, Robert Gilpin, John Mearsheimer, Andrew Moravcsik.

 

26) Кыргызстан менен Түркиянын кызматташтыгынын негизги багыттарын айтып бериңиз.

 

27) «Кансыз согуш» мезгили жана андан кийинки мезгил тууралуу эл аралык мамилелер теориялары негизинде кандай өзгөчөлүктөр бар түшүндүрүп бериңиз?

 

28) Эл аралык мамилелерде «күчтөр балансы» концептини түшүндүрүп бериңиз?

 

29) Сиздин көз карашыңызда эл аралык мамилелер дисциплинасы Америка перспективасына караштуу академиялык изилдөө тармагы болуп эсептелеби? Аныктап бериңиз?

 

30) «11-сентябрь» окуялары сиздин оюңузча эл аралык мамилелердеги теориялык көз караштарга кандайча таасир тийгизген?